​Жаңы муундагы паспорт (еPassport) берүү кечиктирилди

  • 3 года мурун

2020-жылдын 25-декабрынан баштап ePassport берүү пландалган. ePassport берүү планына көзөмөлдүн жоктугу жана өз убагында аткарбагандыгы, ошондой эле жыйынтыгында жалпы жарандык паспорттордун жетишсиздигине жана кечиктирип берилишине алып келген.

Өз кезегинде мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги ePassport берүүгө байланыштуу маселелер боюнча өкмөттү маалымдоо боюнча өз убагында жана жетиштүү чараларды көргөн эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин шалаакы мамилеси үчүн мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыяланып, каттоо кызматынын төрагасынын тейлөөчү орун басары Тилек Батырканов кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы 9-мартта билдирди.

Жалпы жарандык паспорттордун (чет жакка чыгуучу паспорт) жетишсиздиги жана кечиктирип берүү маселесине боюнча түзүлгөн жагдайга байланыштуу премьер-министр 9-мартта бир катар чечимдерди кабыл алды:

Убактылуу жарактуулук мөөнөтүн узартуу:

— Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же болгон жарандар үчүн 2004-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун мөөнөтүн 2021-жылдын 1-сентябрына чейин;

— 2006-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун мөөнөтүн 2021-жылдын 1-сентябрына чейин жарактуулук мөөнөтүн узартуу; .

Жарандарыбыз чет мамлекеттердин чек араларын тоскоолдуксуз өтүүлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттерди форс-мажордук жагдайларга байланыштуу кабыл алынган убактылуу чаралар тууралуу билдирүү жөнөтүү тапшырылды.

Премьер-министр Улукбек Марипов мамлекеттик каттоо кызматына кыска мөөнөттүн ичинде биометрикалык маалыматтар колдонулган улуттук жалпы жарандык жаңы муундагы паспортторду (ePassport) берүүнү камсыздоо милдетин койду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты