​Жапаров: Инвестицияны илгерилетүү агенттигинин макамы көтөрүлөт

  • 3 года мурун

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин макамы көтөрүлөт. Бул агенттик чет элдик инвесторлорду гана эмес, жергиликтүү ишкерлерди дагы колдоо менен алектенет

Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушууда, бүгүн, 9-мартта, билдирди.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин макамы конституциялык реформалардан кийин ишке ашырылары да белгиленди.

Ошондой эле ал мамлекет башчынын деңгээлиндеги түз байланыштарды жакшыртуу үчүн бизнес-акыйкатчы институтунун макамын жогорулатуу ниетин билдирди.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит акыркы мезгилдерде ишкерлер тарабынан өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишине даттануулар көбөйгөндүгүн маалымдады. Көбүнчө алар — фискалдык, укук коргоо жана сот органдарынын ишкерлердин ишине ашыкча жана негизсиз кийлигишүүлөрү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты