​Жеңиш Молдокматов: Узурпацияга байланыштуу сотко берилет

  • 3 года мурун

Конституция долбоору шашылыш түрдө кабыл алына турган болсо, анда Садыр Жапаров жана Конституция долбоорунун башка демилгечилери сотко берилет.

Бул тууралуу митингде анын уюштуруучуларынын бири Жеңиш Молдокматов билдирди.

Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровго кайрылып, өлкөнү өнүктүрүүнүн жол картасын көрсөтүүнү суранды.

Бүгүн, 9-мартта, Бишкекте Конституция долбооруна каршы тынчтык митинги өтүп жатат.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды. Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Документ парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.

Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Конституциялык реформанын жактоочулары айтылган сындарга макул эмес.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталаарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындалаарын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болоорун билдирген.

3-мартта парламенттин отурумунда референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш, сын-пикир менен коштолду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты