​Клара Сооронкулова: Конституция долбоорун мыйзамдан түшүнүгү жоктор жазган

  • 3 года мурун

Юрист Клара Сооронкулова Конституция долбооруна каршы уюштурулган митингде Садыр Жапаровдун айтканы менен эле Конституция өзгөрүлүп жатканын белгиледи.

— Эмнеге ушул чакырылыштагы депутаттар кетпейт? Анткени бийлик буларды колдонуп жатат. Парламент узурпаторлордун бийлигин чектеш керек эле.

Эң алгачкы даяр баш мыйзамым бар деп ким айтты? -Садыр Жапаров, -деди эл ичинен.

— Ооба, туура.

Баш мыйзам жолтоо болуп жатат деп эл айтыш керек болчу. Бир киши айтты, ошол кишинин айтканы менен башталып, 11-апрелде референдм өткөнү жатат.

Кийлигишким келген эмес, бирок изилдеп, анализдеп чыктым, эгер ушул баш мыйзам кабыл алынса, улуттук шермендечилик болот, муну мыйзамдан түшүнүгү жоктор жазган.

Преидентке эбегейсиз бийлик берип жатабыз. Жогорку Кеңеш мыйзам гана кабыл алат, сулуу чымчыктай болуп отура берет.

Мамлекетти башкарууга жаштарга жол жабылат. 2016-жылы Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамга Кумтөр маселесине катышкандар жоопко тартылат деген берене бар болчу. Азыр болсо, ал жоопкерчилик кирген эмес, -деди Клара Сооронкулова.

Бүгүн, 9-мартта, Бишкекте Конституция долбооруна каршы тынчтык митинги өтүп жатат.

Сүрөт: Гулиза Урустамбек кызы / «ПолитКлиника» .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты