​COVID-19: 45 киши айыгып чыкты

Жаңылыктар

8-мартка карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 33 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 17;
Ош – 1;
Чүй облусу – 0;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 0.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 45 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 83 575 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 86 583 кишиге жетти.

Өткөн суткада каза болгондор катталган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.