​Бишкекте “Мыйзамдуулук үчүн!” маршы өттү

  • 3 года мурун

Бишкекте бүгүн, 7-мартта, “Мыйзамдуулук үчүн!” кезектеги тынчтык маршы өттү.

Анда адаттагыдай эле өлкөдө мыйзамдуулукту сактоо, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу чакырыгы ташталды.

Иш-чарага Клара Сооронкулова, Нурбек Токтакунов,Таттыбүбү Эргешбаева сыяктуу юристтер, Улан Үсөйүн баштаган активист жаштар катышты.

Алар адаттагыдай эле темир жол бекетинен борбордук аянтка жөө жүрүш жасашты. Борбордук аянтка алар Кыргызстандын гимнин ырдап келишти.

Сүрөт: Чолпонбек Сабырбек уулу/ ПолитКлиника.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты