​1-апрелден баштап бардык класстар салттуу окуй башташат

  • 3 года мурун

9-марттан баштап, Бишкекте 2-3-4-класстардын окуучулары үчүн окуу процесси оффлайн режиминде, 1-апрелден баштап өлкө боюнча бардык класстарга салттуу түрдө окуу башталат.

Бул тууралуу Артем Новиков 5-марттагы кеңшмеде билим берүү маселерин талкуулоо кеңешмесинде билдирди.

«Мектептер ата-энелерден окуу китептерин сатып алууну жана 2021-жылдын 1-сентябрына чейин атайын мектеп формасын кийүүнү талап кылышпайт. Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги окуу процесстерин толук кандуу жандандырууга даярдыктарды камсыздоосу зарыл. Мындан тышкары «мектеп» медицинасын ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө, ар бир окуучунун саламаттык картасы түзүлөт» деди Новиков.

Кыргызстанда 22-марттан баштап карантиндик чектөөлөр киргизилген. Чектөөлөрдүн негизинде, өлкө ичиндеги бардык социалдык жана экономикалык кыймыл-аракеттер токтотулуп, бул абал 10-майга чейин уланган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты