​Президентке ыйгарым укуктар берилгени менен жоопкерчилиги каралган эмес

Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Жаңы Конституциялык долбоордо Президенттин ыйгарым укуктары кандай?

Кыргызстан эли 10-январда өткөн өлкөнү башкаруу формасы жөнүндөгү референдумда президенттик башкаруу жолун тандап алган. Ага ылайык өлкө башчысынын баш мыйзамда берилген укуктары да кеңеет.

Бийлик Президенттин колуна топтолду

Кыргызстан юристтер жамааты Конституциянын жаңы долбоору боюнча анализин жарыялап, өздөрүнүн сунуштарын айтышкан. Анализге ылайык Конституцияда президентке чексиз ыйгарым укуктар берилген:

Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Премьер-министрдин ыйгарым укуктарынын көпчүлүгү Президентке өткөн. Президент Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектеп калды. Ал эми азыркы баш мыйзам боюнча Өкмөттү премьер-министр жетектейт.

Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 6 жылдан беш жылга чейин кыскарганы менен бир жолу гана шайлануу чектөөсү алынып салынган. Бир адам эки жолу шайланса болот.

Президент министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт. Жогорку Кеңештин макулдугу менен министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана министрлер кабинетинин башка мүчөлөрүн дайындайт, жана аларды кызматтан бошотот.

— аткаруу бийлигинин башка органдарынын башчыларын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын кызматка дайындайт жана бошотот;

— референдумду өз демилгеси, же кеминде 300 миң шайлоочунун демилгеси, же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

— мыйзам демилгелөө укугуна ээ;

— жылдык билдирүүлөрү менен элге, Жогорку Кеңешке, Элдик Курултайга кайрылуу жасайт;

— жыл сайын Жогорку Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет;

— Жогорку Кеңештин кезексиз сессияларын чакыра алат.

Президент тарабынан кызматка дайындалган Баланын укуктары боюнча мамлекеттик катчы кызматы жаңыдан киргизилүүдө. Мурун Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын үчтөн бирин Президент аныктаса, эми ал жарымын көрсөтө алат. Жогорку Кеңеш тарабынан негизделген «мамлекеттик сыйлыктардын» түшүнүгү киргизилип, ал менен Президент гана сыйлай алат.

Конституцияны, мыйзамдарды бузгандыгы жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот тутумунун ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү үчүн Президент кызматтан алынышы мүмкүн экендиги жазылат. Ошого карабастан, Президентке айып тагуу — иш жүзүндө мүмкүн эмес. Президенттин иш-аракетинде кылмыш белгилери бар экендиги жөнүндө Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган айыптоонун негизинде Башкы прокурордун корутундусу жана Конституциялык соттун корутундусу менен Президент кызматтан четтетилиши мүмкүн.

Конституциялык реформанын максаты жоопкерчиликти күчөтүү дешкен

PR.kg редактору Нурдин Дуйшенбекоа Конституциялык долбоор максатына жетпей калганын айтты: “Конституциялык реформанын максаты эмне эле? Элге реформа жоопкерчиликти күчөтүү максатында жасалып жатканын айтышып, бир кишиге жоопкерчилик берели дешкен. Баш мыйзамдын авторлору бул сөздү унуткандай сезилет. Себеби Президентке ыйгарым укуктардын бары берилип, бирок жоопкерчилиги каралбаптыр. Ишке ашпай калган түрдө импичмент маселеси коюлган. Импичмент жарыялоо процесси татаал болгону үчүн 3 жолу президентти алып түшкөнбүз. Импичментти ишке ашыруу үчүн Президент сөзсүз түрдө кылмыш кылышы керек экен. Башкы прокурор кылмыштын курамы байкалган деген корутундусун жазганда гана процедураны баштаса болот. Президент өзүнүн кызматын так, даана аткарбаса анда кандай кылыш керек. 5 жыл бою мамлекетти менчиги кылып берип коебузбу?”,- деди. Ошондой эле Дуйшенбеков Президентте кылмыш жоопкерчилигинен тышкары, саясий жоопкерчилик болушу керектигин айтты: “Эгер максатыбыз жоопкерчилик болсо, ал жоопкерчилик Конституцияда жазылышы керек”.

Көзкаранды бийлик бутактары Президентти көзөмөлдөй албайт

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева Президентти жоопко тартуу механизми эффективсиз экенин айтты. “Президент жергиликтүү башкаруу органдарынын башчыларынан тартып, Жогорку соттун сотуна чейин кызматка коет. Ал эл аралык аренада Кыргызстандын атынан чыккандан тышкары ички иштерди да аткарып жатат. Эгер ал нормаларды аткарбаган учурда жоопкерчиликке тартылыш керек болот. Бул импичмент аркылуу жасалат. Бирок Парламент толугу менен Президенттин контролунда болсо, Прокурордун төрагасы президент тарабынан шайланып, ага отчет берсе, Жогорку соттун сотуна кандидатура Президент тарабынан көрсөтүлсө кантип Президентке импичмент жарыялашат? Бул бутактардын бирөөнүн да көзкарандысыздыгы жок. Ошондуктан прокуратураны, Жогорку, Конституциялык сотторду парламент дайындашы керек. Бул бийлик бутактары ортосунда балансты жаратып, Президентти ажыдаар болуп кетүүдөн сактайт”,- деди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты