Шайлдабекова: Бир дарекке 10дон ашык адамды каттоодо укук коргоо органдарына кабар берилет

  • 3 года мурун

Жаңы эреже боюнча, эгер бир дарек боюнча 10дон ашык адам катталса, анда мамлекеттик каттоо кызматына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, укук коргоо органдарына кабар берилет. Алар бул фактыга жооп бериши керек болот. Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтор жеринде иштешет. .

Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 4-мартта Чүй облусунун губернатору М. Мияров жана райакимдер катышкан штаб жыйынында билдирди.

-Ушул учурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны Ысык-Ата району боюнча 5335 адам, Кемин району боюнча 2899 адам, Аламүдүн району боюнча 11137 адамды түзөт. Бул жарандарга биометрикалык маалыматтарын тапшырууга жана шайлоого катышуу боюнча конституциялык укугун ишке ашырууга жардам берүү максатында БШК, каттоо кызматы менен бирге ПРООНдун колдоосу менен 20-мартка чейин Кыргызстандын шаарлары менен айылдарын кыдырган маалымат автобустарын уюштурду.

Алар биометрикадан өтүп, паспортун алмаштырууга арыз бере алышат, шайлоо боюнча суроолорго жооп ала алышат», — деди Шайлдабеокав.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады. БШКнын айтымында, 59 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.

Өткөн жылдагы пандемияга байланыштуу өтпөй калган жергиликтүү шайлоонун оош-кыыштары тууралуу бел шилтемеде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты