​Уулангандар спиртке суу кошуп ичишкен

  • 3 года мурун

Аксы районундагы Кара-Суу айылында ууланып каза болгон алты адамдын үчөө эркек, үчөө аял экени аныкталды. Алардын эң улуусу 1958-жылы, кичүүсү 1970-жылы туулган.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Инфекциялык эмес ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бүбүжан Арыкбаева маалымдады:

«Он тогуз адам бир кафеде отуруп, салат, бешбармак жешкен. Бөтөлкөдөгү спиртке суу кошуп ичишкен экен. Момпосуй, печенье да жешкен. 3-мартта түндө төртөө ооруканага кайрылды, алардын ичинен үчөө каза болуп калды, бирөө оор абалда. Дагы үч киши үйүнөн үзүлгөн. Азыр ошол кафеде чогуу отуруп, тамак жегендердин баары райондук ооруканада текшерүүдөн өтүп жатат».

Азыркы тапта райондук санитардык- эпидемиологиялык кызматы, аймактык оорукананын дарыгерлери иликтөө жүргүзүп жатат. Баштапкы маалыматтарда алардын спирттен ууланганы кабарланды.

Райондук ички иштер бөлүмү уулануу фактысын кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты