​8-мартты утурлай Өзбекстанда 14 аял абактан бошотулду

  • 3 года мурун

8-март аялдардын эл аралык күнүн утурлай Өзбекстандын Жогорку соту 16 аялдын кассациялык арызын карады. Алар өтө оор кылмыштар үчүн ар кыл мөөнөткө соттолушкан.

УзА агенттиги билдиргендей, 14 аял жаза мөөнөтүнүн негизги бөлүгүн өтөп бүткөндүктөн, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Алар жасаган кылмыштары үчүн өкүнөрүн билдирип, түрмө эрежелерин бузушкан эмес.

Аялдар үй-бүлөлөрүнө кайтышты. Ошол эле маалда сот эки аялга чыккан өкүмдү жумшартты.

Былтыр аялдар майрамынын алдында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев абактарда жазасын өтөп жаткан 83 аялга ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты