Галина Байтерек: Садыр Жапаровдун Фейсбук баракчасын бузуп киришип, комментарий калтырышкан

  • 3 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактардагы мамлекет башчынын баракчасындагы акыркы комментарийлерге байланыштуу түшүндүрмө берди.

«Президент Садыр Жапаровдун Фейсбук социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Фейсбук баракчасына жайгаштырылган акыркы комментарийлерге мамлекет башчынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт» деп белгиледи басма сөз катчы

3-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешовдун Конституциянын жаңы долбооруна карата айткан сынына Садыр Жапаровдун «Фейсбук» баракчасынан анын майыптык абалына байланыштуу кемсинткен комментарий жазылып, түйүндүн колдонуучуларынын катуу сынына кабылган.

Садыр Жапаров социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу экенин буга чейин бир нече жолу билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты