Депутат Карамушкина: Референдум тууралуу мыйзам долбоорун кайтарыш керек

  • 3 года мурун

— Конституциялын палатанын корутундусу керек. Референдум тууралуу мыйзам долбоорун кайтарыш керек. Биз ката кетирүүгө укугубуз жок, -деди депутат Карамушкина.

Депутат Рыскелди Момбеков автору аныкталбаган Баш мыйзамды алып келдиңер деп билдирди.

—Баш мыйзамды бузуу жолу менен кабыл албайт. Мен башчыга эмес, Баш мыйзамга нааразымын. Автору жок. Жаңы авторлор жаңы жазыш керек. Мурдагыларды тиркеме кылып берип жатасыңар деди..

Депутат Каныбек Иманалиев конституциялык палатанын корутундусу жок. Тилекке каршы, 4- эле депутат демилгечи. Бир гана Президентке бардык ыйгарым укуктарды ыйгарууга болбойт. Убактысы жоктугунан ар бир жарлыкка Президент чуркап бара жатып, кол коюуга туура келээрин белгиледи.

Депутат Мирлан Бакиров коомчулукту башка багытка бурууга аракет болуп жатканын айтты. Илимпоздор, бейөкмөт уюмдар Конституция долбооруна салым кошконун белгиледи. Алдыда Баш мыйзамдан өзгөрүүнү күтүп жатканын белгилеп кетти. Конституция кээде түз иштейт, кээ биринде мыйзам менен белгиленээрин айтты. Бул долбоор талкууда экенин айтты.

Каныбек Иманалиев президенттик институт актады деген өлкөлөр менен Кыргызстанды салыштырып айтты. Буларды Кыргызстанда гана өзгөчүлүктөр бар экенин мисалдар менен айтып кетти. Классикалык президенттик беш өлкөнүн мисалын алганда, Кыргызстандагыдай Президентке чексиз укук берилген эмес.

Парламентте келечекте микрофондон башка ыйгарым укук калбаганын белгиледи.

Депутат Табылды Тиллаев комитеттин чечимин окуду. Референдум тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алууну сунуштады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты