​Жогорку сот Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

  • 3 года мурун

Жогорку сот бүгүн, 3-мартта, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатын кайтарып берүү боюнча ишти карады. Анда Бишкек шаардык сотунун чечими өзгөртүүсүз калды.

2020-жылы 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына наразылык акциялары жапырт баш-аламандыкка айланып, бийлик алмашкандан кийин, Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаты кайтарылган.

. БШК 15-октябрда Өмүрбек Текебаевге мандат берген.

23-ноябрда Бишкек шаарынын административдик соту Өмүрбек Текебаевди БШКнын кайтарып берген депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча Темирлан Ормуковдун доо арызын канаттандырган.

Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге БШК тарабынан депутаттык мандаттын берилишин мыйзамсыз деп тапкан Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.

15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин соттук иштерге байланыштуу алынып салынган мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарган.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун кылмыш ишин кайра кароого жиберген. Мурдагы чечимдер жокко чыгарылган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты