Депутат Иманалиев: Конституциянын жаңы долбооруна 80 демилгечинин колу керек

Бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңеш жыйынында Конституция долбоору жана референдум тууралуу мыйзам долбоору талкууга алынууда.

-17-ноябрдагы долбоордо Конституцияга өзгөртүү киргизилди, ал эми азыркы Конституция долбоору жаңы долбоор болсо, канча пайызы өзгөртүлдү, коомдук талкууга качан коюлду деген суроо жаралды. Бул суроону Жогорку Кеңештин 3-марттагы жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев койду. Кайсы датада, кайсы сайтта жаңы вариант коюлганы тууралуу суроо узатты.

Депутат Чынара Урумкалиева референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси катары андан өзүнүн аты-жөнүн алып салууну суранды.

Депутат Айгерим Бешимбаева Конституция долбоорунун авторлорунун бири эмес экенин буга чейин айткан.

Депутат Наталья Никитенко Эгемендиктин 30 жылдыгына эмне менен барабыз, бир гана сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги экендигин белгиледи. Жогорку Кеңеш бул Конституция долбоору хандык долбоорго, азыр бир адамга бийлик ыйгаруу укугун берип жатканын, бул эмнеге алып келээрин айтты. Конституциянын жаңы долбоору жаңы толкундоолорго алып келээрин кошумчалады.

Депутат Дастан Бекешев Конституция долбоорунун мурдагы вариантындагы 80 автордун атын Конституция долбоорунун кийинки жаңы вариантына автоматтык түрдө алып барып жатканын белгиледи.

Депутат Бактыбек Турусбеков сындаган депутаттарга биз туура жолдобуз деп жооп берди.

Депутат Мирлан Бакиров Конституция долбоорунун авторлорунун бири катары, 80ден ашык депутат демилгелегенин, акыркы вариантын алдык, референдумду дайындоо боюнча гана мыйзам долбоорун талкуулайлы деген сунушун киргизди.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев 2016-жылы ушул маселе көтөрүлгөнүн, жаңы Конституцияда бийлик элге таандык, адам укугу бийик болуп жатат, коом мамлекеттик көзөмөлдөйт, ачык-айкындуулук бар деди. Бир жума мурун парламентке конституциялык кеңешме мүчөлөрү келгенин, ошондо азыр документти сындагандар келбегенин, маселе көтөрбөгөнүнө кейиди.

Депутат Жанарбек Акаев Конституция долбоорунда министрлер кабинетинин төрагасы деп атадык, парламентке отчет менен келди, парламент отчетун кабыл албады, отставкага кетеби, эмне болот деп суроо салды.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев аны Президент гана чечерин белгиледи.

Жанар Акаев эмнеге министрлер кабинети деп аталганына, кайдан келди, түшүндүрүп берип койсоңор деди. Бирок жооп болбогондон кийин, Акаев муну Англияда министрлер чогулуп келип, министрлер кабинети деп атаганын айтты. Баш мыйзамда Президенттин жоопкерчилиги кандай көрсөтүлгөн деп суроо салды.

Депутат Каныбек Иманалиев бул долбоор жаңы редакция, демек, регламент боюнча жаңы 80 демилгечи депутаттын колу керектигин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты