​Шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын алуу боюнча ири кампания өткөрүлөт

  • 3 года мурун

1-марттан баштап 20-мартка чейин республиканын 130 шаары менен айыл аймагына калкты биометрикалык каттоого алуу максатында 11 мобилдүү автобус жөнөп жатат.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоо менен референдумдарла добуш берүүнүн аныктыгы камсыздалат.

Аталган автобустар БШК жана мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан БУУнун өнүгүү программасынын колдоосу менен уюштурулган.

БШК менен каттоо кызматынын командасы калкка биометрикалык маалыматтарын каттоодон өткөрүүгө, паспортун алмаштыруу үчүн документтерин берүүгө, туруктуу жашаган жеринде каттоодон өтүүгө, электрондук санарип кол тамгасын алууга жардам көрсөтөт. .

Ошондой эле жарандар 1255 Call-борборуна чалып, ушул кампания жана алдыда өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоо тууралуу суроолорго жооп ала алат.

Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты