​Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү жолдору боюнча пикир алмашты.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргызстан президенттеринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна токтолду.

Кыргызстан эли оор мезгилдерде Казакстан тарап туруктуу көрсөтүп келген жардамды эч качан унутпасын баса белгиледи. Ал инвесторлордун, анын ичинде Казакстандан келген инвесторлордун укуктарын коргоого толук кепилдик бере тургандыгын кошумчалады.

Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанда мамлекеттик иш сапар менен жүрөт. Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты