​Бишкек каржы полиция башчысы дээрлик 60 миллиард сом чыгарып кетүү ишинин алкагында кармалды

  • 3 года мурун

1-мартта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында коррупция фактысы боюнча экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы кармалды.

УКМКнын маалымат кызматы каржы полициясынын кызматкерлери жарандык кишилер менен бирге өлкөдөн ири суммадагы каражатты чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушканын билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылы марттан октябрга чейин өлкөдөн тышка 59,5 млрд сом чыгарылып кеткен. Салыктан качуу боюнча келтирилген чыгым болжолдуу түрдө 500 млн сомду (5,9 млн доллар) түздү.

«Алынган маалыматтар боюнча каржы полициясынын кызмат адамдары мыйзам бузууну жашыруу үчүн бул каналдын уюштуруучуларынан 180 млн сом пара алышкан. Шектүү УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди», – деп айтылат коррупцияга каршы кызматтын маалыматында.

Коррупциялык схеманы жаап-жашыруу жана уюштуруу ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты