COVID-19дун 1-толкуну учурунда министрлик мамлекетке 3 млн сомдон ашуун зыян келтирген

  • 3 года мурун

Башкы прокуратура тарабынан саламаттык сакто министрлигинде дары-дармектерди сатып алууда орун алган бир топ мыйзам бузуулар аныкталды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирус дарты менен күрөшүү иштеринин алкагында саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банкынан бөлүнгөн акча каражатына дары-дармектерди, алардын катарында лопинавир/ритонавир препаратын сатып алуу каралган. Кийин сатып алуу процедураларын жүргүзүүдө Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан лопинавир/ритонавир препараттары сатып алынуучу дары-дармектердин тизмесинен чыгарылган.

Ага карабастан, 2020-жылдын 13-апрелинде саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «М» фармкомпаниясы менен Калидавир препаратын (лопинавир/ритонавир препараттарынын аналогу) мамлекеттик бюджеттин эсебинен 3,5 млн. сомго сатып алуу жөнүндө келишим шашылыш түрдө түздөн-түз түзүлөн.

Бирок сатып алынган дары-дармектер бүгүнкү күнгө чейин эч бир медициналык мекемелерге таратылбастан министрликтин кампаларында жаткандыгы аныкталды.

Коронавируска чалдыккан адамдарды дарылоо боюнча убактылуу клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясына ылайык, азыркы учурда дарылоо процессин жүргүзүүдө лопинавир/ритонавир препараттары колдонулбайт.

Андыктан, саламаттык сактоо министрлигинин ошол кездеги жетекчилиги жана башка кызмат адамдары тарабынан жогорудагы калидавир препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 3,5 млн. сом мыйзамсыз сарпталып, натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына зыян

келтирилген.

Аталган факты боюнча материалдар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты