​Вакцина жөнүндө тарап жаткан видео — пародия. Фактчекинг

Социалдык тармактарда Виталий Наливкиндин “Вакцинация” видеосу тараган. Аталаган видеонун сюжетине ишенген жарандар да бар. ПолитКлиника медиасы Виталий Наливкинин контентин анализдеп көрдү.

Виталий Иванович Наливкин — сатиралык скетч-шоунун каарманы. Сюжет боюнча ал Уссурийск шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы. Наливкиндин ролу актерлор жана режиссерлор тарабынан түзүлгөн. Долбоордун автору Андрей Клочков Виталий Наливкиндин да образын жаратат.

22-февралда чыккан “Вакцина” пародиясы You Tube платформасында 1 512 384 жолу көрүлгөн. Сюжет боюнча коронавируска каршы вакцинаны күч органдары жарандарга күч колдонуу аркылуу саят. Жергиликтүү тургундар эмне болуп жатканын түшүнүшпөйт. Айрым каалабаган жарандарды мажбурлашат. Ошондой эле вакцина албаган жарандарга чара көрүлөрү, ал эми мамлекеттик кызматчылар жумуштан алынары айтылат. Ал эми жергиликтүү чиновник Наливкин бул процестти ишке ашырууда жигердүү салым кошот.

Бул видео менен кыргызстандык баракча өзүнүн платформасында бөлүшкөн. Юмористтик мүнөздөгү видео болгонун билбеген айрым жарандар ага ишенип, талкуу жаратышкан.




















Роликтер чыныгы репортажга окшош

YouTube каналындагы BARAKuda жана башка социалдык тармактарга жайгаштырылган видеолордогу «Депутат Наливкин» Уссурийск шаарынын ар кандай көйгөйлөрүн натыйжалуу жана радикалдуу чечип, жергиликтүү чиновниктерге пародия жасайт.

Видеолор акылга сыйбаган көрүнүштөрдү чагылдырганына карабай ММКлардын жаңылык форматына окшоштурулуп тартылганы үчүн көпчүлүк чыныгы окуядай кабыл алат. Роликтер кыска мөөнөттүү болгондуктан İnstagram тармагында да жайылуусуна шарт түзөт.

Каарман алгач Уссурийскиде жогорку популярдуулукка ээ болуп, андан кийин бүткүл өлкөгө таанылды.

Жыйынтык: Бул окуя чындыгында болгон эмес, даярдалган сюжет менен тартылган. Виталий Наливкин — сатиралык каарман. Ал тарткан видеолор пародиялык мүнөзгө ээ. Ал тамаша аркылуу учурдун көйгөйлөрүн чагылдырат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты