​Кыргыз өкмөтү ЕАЭБ бажы чек арасында ветеринардык жана фитосанитардык кайталанма көзөмөлгө тыюу салды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын өкмөтү ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык контролдун кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салды.

Бул тууралуу токтомго 28-февралда премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Мурда товарды коштоочу документтердин тизмегине ветеринардык жана фитосанитардык контролду өткөндүгү тууралуу маалымдама да кирген. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, бул ишкерлерге ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Аталган көзөмөлдөн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ болгондуктан жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, аны алып салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Бул Кыргыз Республикасынан «бир аялдама» принциби боюнча товарларды экспорттоонун бажы процедурасына уруксаат берилген товарларды жана жаныбарларды автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу ташып өтүүдөгү мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салынбайт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты