​Ошто Райымбек Матраимовду колдогон митингге ЖК депутаттары да чыгышты

  • 3 года мурун

Бүгүн, 28-февралда, Ошто жана Бишкекте митинг болуп өттү. Оштогу митингде бажы кызматынын төрагасы Райымбек Матраимовду колдоочулар чыкса, Бишкекте активисттер адаттагыдай эле коррупцияга каршы митингге чыгышты.

Маалыматтарда Ошто Райымбек Матраимовду колдоо митингинде 15 миңдей киши чогулганы айтылды.

Митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров, ошондой эле депутаттар Таабалды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов, Ильхом Маннанов жана Искендер Матраимов болгону ЖМКда белгиленди. Алар Райымбек Матраимовду бошотууну талап кылышты.

Митингдин катышуучулары ошондой эле “НПО бизге кереги жок!” “Азаттык” бизге кереги жок!” “Жалган сүйлөгөн журналисттер камалсын!” деп кыйкырып турушту.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов УКМК убактылуу камак жайынан ооруканага жаткырылган.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эки айга камалган.

УКМК 2020-жылдын 17-октябрында бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомду кайтарып бергенин, анын 1,4 млрд сомун акчалай жана 600 млн сомун мүлк түрүндө, 9 квартира жана соода борборун кайтарганын айткан.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Андан кийин OCCRP, Kloop, Bellingcat жана “Азаттык” радиосунун биргелешкен бир нече иликтөөсү.жарык көрүп, анда Матраимовдун байлыгынын, кылмыштуу топ менен байланышынын бети ачылган.

АКШ каржы министрлиги Райымбек Матраимовго Магнитский Глобалдык мыйзамынын негизинде санкциялар киргизерин жарыялаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кошуп, анын жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитскийдин тизмесине» киргизди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты