Жапаров: Жаңы түзүлө турган улуттук компанияга лицензия берилбеген кендер өткөрүлүп берилет

  • 3 года мурун

Садыр Жапаров “Россская газетага” интервью берди. Анда экономика, кен иштетүү жаатында да суроолорго жооп берди. Анда улуттук тоо-кен компаниясын түзүү мерчемделип жатканын билдирди.

-Ири кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында мамлекеттик маанидеги кендерди иштетүүнү уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу менен болгон улуттук тоо-кен компаниясына берилиши керек.

Ал өлкөнүн минералдык-сырьелук базасынын экономикалык потенциалын жогорулатуу куралы катары кызмат кылат. Геология жаатындагы мамлекеттик ишканалардын базасында Улуттук тоо-кен компаниясын түзүү мерчемделүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин иштетилип жаткан кендерди мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, андыктан жаңы түзүлө турган улуттук компанияга лицензия берилбеген кендер өткөрүлүп берилет. Бул жаңы аракеттер кен иштетүүгө лицензиясы бар жер казынасын пайдалануучуларга тиешеси болбойт — деди Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты