​Мамлекеттик каттоо кызматы балдарына өз атын берген Капалованы сотко берди

  • 3 года мурун

Жарандык активист Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүккө атасынын ордуна өзүнүн атын берген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Галина Аманованын айтымында, 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча балага энесинин атына документ берилбейт.

«Балага биологиялык атасынын же багып алган атасынын, чоң атасынын же таятасынын атын берсе болот. Аталык укуктан ажыратуу процесси дагы балага энесинин атын берүүгө жол ачпайт” деди Аманова.

Алтын Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин жана жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты