​АКШнын коопсуздук кызматтары: Капитолийге жасалган чабуул алдын ала уюштурулган

  • 3 года мурун

6-январда Капитолийге жасалган чабуул алдын ала даярдалган жана уюштурулган акция болгон.

Бул тууралуу шаршембиде Конгресстеги угууда полиция жана башка АКШ парламентинин коопсуздугун камсыздаган кызматтардын жетекчилери билдирди.

Капитолий полициясынын мурдагы башчысы Стивен Сунддун айтымында, чабуул койгон жарандар өздөрү менен кошо атайын жабдууларды: альпинисттик шайман химиялык спрей, жардыргыч заттарды ала келишкен. Алар полициячылардын көңүлүн башка жакка буруу үчүн Капитолийден алысыраак жерде колго жасалган эки бомбаны жардырышкан.

Сенаттын ички коопсуздук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерс ФБРдин алдын ала иликтөөлөрүнө таянуу менен чабуулга оңчул-экстремисттик Oath Keepers менен Proud Boys топторунун тиешеси бар экенин кабарлады.

Ошол эле маалда Конгресстин коопсуздугун камсыздаган кызматтардын жетекчилери Капитолийге чабуул жасалышы мүмкүндүгү боюнча федералдык чалгын кызматтардан эскертүү алышпаганын белгилеп жатышат.

Бул Капитолийге жасалган чабуулдун себептерин аныктоо боюнча Конгрессте өткөн алгачкы угуу болду.

6-январда Трамптын жактоочулары Капитолийге кол салып, Жо Байдендин Президент катары жеңишине күбөлүк берүүнү бир нече саатка үзгүлтүккө учуратышкан.

Анын жүрүшүндө 5 кишинин өмүрү кыйылган. Бул окуядан кийин Капитолий имаратын Улуттук гвардиянын 5 миңден ашуун жоокери тынымсыз кайтарып келди. Бир нече күндөн кийин Өкүлдөр палатасы Дональд Трампка импичмент жарыялоону демилгелеген. Бирок Сенат муну колдогон эмес. Трамп АКШ тарыхында эки жолу импичментке сунушталган алгачкы президент болуп калды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөттө: Стивен Саунд.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты