​Грузияда оппозиция лидери Ники Мелиа кармалды

  • 3 года мурун

Полиция кызматкерлери оппозициячыл “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын лидери Ники Мелиа отурган бөлмөгө чабуул жасап, аны кармады. Полиция атайын каражаттарды, анын ичинде көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Бул тууралуу “Эхо Кавказа” басылмасы кабарлады.

Партиянын кеңсесиндеги атайын операциянын жүрүшүндө анын эшиктери жана эмеректери талкаланды. Оппозициянын бир нече тарапташы жаракат алды.

“Бирдиктүү улуттук кыймылдын” төрагасы Ники Мелиа 2019-жылдын 21-июнуна караган түнү парламент имаратынын алдында өткөн акцияларда «зомбулук иштерин уюштурган, жетектеген жана катышкан» деп айыпталууда.

Буга чейин өлкөдөгү ири оппозициячыл партиянын лидери сот белгилеген күрөөнү төлөөдөн баш тарткан, парламент болсо аны депутаттык кол тийбестиктен ажыраткан. Кийнчерээк Тбилиси шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарган.

18-февралда өлкөнүн премьер-министри Георгий Гахария отставкага кеткен. Гахария өз чечимин соттун оппозиция лидери Ники Мелианы камакка алуу тууралуу чечими боюнча бийликтеги команда менен пикири эки ача чыкканы менен түшүндүргөн.

Күн мурун парламент өкмөт башчылыкка Ираклий Гарибашвилини бекиткен. Ал Ника Мелианы “криминал” деп атап, соттун ага карата чыккан чечими аткарылышы керек экенин жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты