​Марипов: Акимдер аттестациядан өтөт. Кадрларды ротациялоо башталат

  • 3 года мурун

Учурда кадрларды тандоо системасын жана практикасын кардиналдуу өзгөртүү маселеси коюлууда.

Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарга кайрылуусунда билдирди

-Муну ишке ашыруу үчүн биринчи этапта системалуу түрдө (мезгил-мезгили менен) райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Ошондой эле кадрларды – акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилет, же район акимдери башка райондордон дайындалат, -деп билдирди премьер-министр Улукбк Марипов 22-февралда кыргызстандыктарга кайрылуусунда.

Бул иштердин башкы максаты:- элдин ынтымагын бекемдөө, мамлекеттик кызматта түндүк-түштүк деген түшүнүктөн арылуу, кадрдык трайбализм, кландуулук оорусун түп-тамырынан бери жок кылуу, “тааныштардын,туугандардын мамлекеттик башкаруу кызматтарына келишин токтотуу, жеке кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, айрыкча инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы келишпестиктерди болтурбоо, системага айланган коррупциялык схемаларды жок кылуу экени айтылат.

Садыр Жапаров 29-январда “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты