УКМК: Тажикстанда кармалгандар боюнча тергөө жүрүүдө

  • 3 года мурун

Тажикстанда кармалган кыргызстандык жарандардын ишине байланыштуу тергөө иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

“16-февралдаТажикстандын аймагынан Кыргызстандын беш жараны кармалган. Алар Тажикстандан 900 кг металл, эки бодо мал жана үч койду мыйзамсыз алып чыгып баратканда кармалган. Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч” деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 22-февралда, Баткенде Тажикстанда кармалган кыргызстандыктарды бошотуу боюнча митинг өткөн.

Чогулгандардын айтуусунда, «чек арадан мыйзамсыз өткөн», «аткезчилик товар ташыган» деген себеп менен жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам Тажикстанда кармалып, камалып турат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты