​Жергиликтүү кеңешке шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси илинди

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого 28 шаардык жана 420 айылдык кеңеш боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмеси 20-февралда илинди.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси 10-февралдан баштап “Тизме”-https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын мамлекеттик порталына жайгаштырылган.

Шайлоочулардын саны 3 304 485 шайлоочуну түзөт. Алардын ичинен – 1 580 631, аялдар – 1 723 854 же 47,83% жана 52,17% түзөт.

Шайлоочу тизмеден өзүн кантип тактайт?

Шайлоочу 27-мартка чейин шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактай алат:

  • Шайлоочулардын мамлекеттик порталынан — «Тизме» — «tizme.gov.kg»;
  • Өз шайлоо участкасынан;
  • 119 номерине чалып (чалуу акысыз) же ПИН номери менен СМС билдирүүлөр жиберет, жооп катары шайлоочуга УШКнын номерин жана дарегин көрсөткөн билдирүү келет.

Шайлоочулардын тизмесинен кандайдыр бир ката же так эместиктер табылган учурда шайлоочу 27-мартка чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылганда паспортун (ID-картасын) көрсөтүп өзүнүн маалыматын тактоо жөнүндө арызга көчүрмөнү кошуп тапшырат.

Шайлоо участогуна арыз менен кайрылганда шайлоочу биометрикалык идентификациядан милдеттүү түрдө өтөт

Шайлоочулардын тизмесинен маалыматын тактоо үчүн шайлоочу электрондук арыз менен «Тизме» — «tizme.gov.kg» мамлекеттик порталы аркылуу “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу кайрыла алат.

Мындай учурда шайлоочу идентификациялоонун Бирдиктүү системасынын негизинде авторлоштуруудан/аутентификациялоодон өтөт.

Шайлоочулардын контролдук тизмеси 2021-жылдын 11-мартына, ал эми акыркы тизмеси 2021-жылдын 1-апрелине карата түзүлөт.

Шайлоочунун жашаган жери менен катталган жери дал келүүсү маанилүү

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине 18 жаш курагына толгон жана андан улуу, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жергиликтүү жамаатынын – шаардык, айылдык аймактардын мүчөлөрү болуп саналган жарандар киргизилет.

Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат. (“Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2, 12-беренеси).

Туруктуу жашаган жери катталган дарек менен паспортундагы чипте көрсөтүлгөн дарек/жазуу дал келүүсү маанилүү.

Биометрикалык каттоого турууну же өзүнүн паспорттук маалыматтарын актуалдаштырууну мамлекеттик каттоо кызматы, паспорт столу, жарандык абалдын актысын жазуу (ЖААЖ б.а. ЗАГС) органдары аркылуу жүргүзүүгө болот.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт, алардын ичинен 421и айылдык кеңеш жана 27и шаардык кеңештерге шайлоолор.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты