​COVID-19: Алты бейтап каза тапты

Жаңылыктар

21-февралга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 54 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 16;
Ош – 0;
Чүй облусу – 25;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 0;
Баткен облусу – 1.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 54

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 66 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 82 756 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 85 885 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 6 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1458 кишиге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Сүрөт: Интернет булактарынан.