​АКШ Матраимовдун кармалышын колдойт

  • 3 года мурун

АКШ Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупция жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо айыбы менен тергелип, камакка алынышын колдойт.

Бул тууралуу АКШнын Кыгызстандагы элчилиги Фейсбук баракчасында кабарлады.

“АКШ Райымбек Матраимовдун коррупция жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо айыбы менен тергелип, камакка алынышын колдойт. Биз Кыргызстандын күч органдары менен биргеликте уурдалган кыргыз мүлкү аныкталып жана далилденсе, кыргыз элине кайтарып берүү үчүн иш алып барууга курсантпыз” деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу УКМК тарабынан кармалган. Матраимов буга чейин да кармалып, сот аны айыппулга жыккан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал юажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, бюджетке жалпысынан 2 млрд. сом төккөн.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты