​Грузиянын премьер-министри оппозиционерди камоого байланыштуу отставкага кетти

Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария отставкага кетти. Бул тууралуу ал брифинг учурунда билдирди. Гахариянын видеосу анын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды.


Грузиянын премьер-министри кызматтан кетишинин себебин партиялаштары менен саясий көз караштары келишпей калганы менен түшүндүрдү. Бул кадамга анын оппозиционер Ника Мелияны камоо жөнүндө партиялаштары менен бир пикирге келбегени да себеп болгон.

«Мен ээлеген кызматымдан кетүүнү чечтим. Албетте, мен бул кадам биздин өлкөнүн саясий айдыңындагы поляризацияны азайтат деп ишенем жана ишенгим келет. Себеби биздин арабыздагы поляризация менен конфронтация өлкөнүн келечеги үчүн өтө чоң коркунучтарды алып келет», – деди Георгий Гахария.

Анын пикиринде, Ника Мелия 2020-жылы 20-июнда парламентке чабуул жасоого чакырган киши болгону менен анын кармалышы жарандардын ден соолугун жана өмүрүн коркунучка кептеп, өлкөдөгү саясий абалдын курчушуна алып келиши ыктымал.

Георгий Гахария 2019-жылы сентябрда Мамуки Бахтадзе отставкага кеткенден кийин премьер-министр болгон. 2020-жылы 31-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Грузин кыялдары” жеңишке жетишкенден кийин Гахария кайрадан өкмөт башчы болуп бекитилген.

Сүрөт: FRE/ RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты