​Депутат Нурдинов Конституция долбоорун кабыл алууда шашылбоого чакырды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов Конституция долбоорун кабыл алууда шашылбоого чакырды.

Бул тууралуу ал Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо боюнча парламентт жыйында айтты:

«Конституцияны өзгөртүүнү азыр иштеп жаткан Конституцияда кандай каралса, ошол негизде кабыл алышыбыз керек. Биринчи окууга эки ай берилдиби, эки ай карашыбыз керек. Экинчи окууга эки ай берилдиби, эки ай карайлы. Үчүнчү окууга үч ай болсо, аны да аткаралы. Анан шашып атабыз. Өкмөткө тынчтык керек деп депутаттар ушуга чейин көп эле нерсеге макул болуп келдик».

Ал Конституция долбоорун референдумга жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге чыгарса, анда шайлоону жылдыруу керектигин билдирди.

Парламентте мындан тышкары Баш мыйзамдын жаңы долбооруна өзгөртүү киргизүү маселеси суроо жаратты. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кеңешме ишин жыйынтыктаганын, эми мындан ары долбоорду өзгөртүү маселеси парламенттин колунда экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты