Кыргыз эли залкар талант Жамал Сейдакматова менен коштошту

Кыргыз эли кыргыз сахнасынын көрүнүктүү жылдызы Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатты.

16-февралда Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, дүйнөлүк чыгаан актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жамал Сейдакматова кыргыз сахнасында В. Шекспирдин «Азоого чалмада» Катарина, «Отеллодо» Дездемона, Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күндө» Найман эне Ж. Абдыкадыровдун «Олжобай менен Кишимжанда» Кишимжан, К. Мамбетакуновдун «Омар Хайямдын махабатында» Элпи, М. Байжиевдин» Төрт адам да» Нази, «Кыз күйөөдө» Гүлсүн, Б. Жакиевдин «Күттүргөн жазда келээр» Зейнеп, М. Карим «Ай тутулган түндө» Шафак, Гоголдун «Үйлөнүүсүндө» Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасов «Ак боз ат» Эркайым сындуу этаптык образдарды жараткан.

Сүрөттөр: Маданият министрлигинин басам сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты