Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна 425 млн сомдон ашуун каражат сарпталат
- 3 года мурун
Борбордук шайлоо коиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө жалпы суммасы 425 млн 243,5 миң сом өлчөмүндө чыгымдардын сметасын бекитти.
— Чыгымдардын бекитилген сметасы 418 айылдык кеңештин кезектеги шайлоосу, анын ичинде ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктаган 386 кеңештин шайлоосу (370 айылдык кеңеши жана 16 шаардык кеңеши);
— 2021-жылдын майында ыйгарым укуктары аяктай турган 32 кеңештин шайлоосу (26 айылдык кеңеш жана 6 шаардын);
— мурда токтотулган 30 айылдык кеңештин, алардын ичинен 25 айылдык кеңештин жана 5 шаардык кеңештин.
— жергиликтүү башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоого жумшалат.
11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт, алардын ичинен 421и айылдык кеңеш жана 27и шаардык кеңештерге шайлоолор.