​Баткенге өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатат

  • 3 года мурун

Кыргыз өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу премьерминистр Улукбек Марипов 16-февралда Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирге чыгып, жарандардын суроолоруна жооп берип жатканда айтты.

«Баткен облусунда абал чындыгында эле оор. Ошол жерде жашап жаткан жарандардын жашоо-турмушуна жардам бергенге өкмөт болгон күч-аракетин жумшайт. Себеби, чек арада жашагандардын ар бирин баатыр деп эсептейм. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү да каралып жатат. Анткени маселе абдан көп».

Ал Баткендеги маселелерди чечүү үчүн Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганын кошумчалады.

Баткен облусу коңшу республикалар менен чек аралаш тилкеде, борбор шаар Бишкектен эң алыс жайгашкан аймак. Соңку күндөрү облустун айрым айылдарында чек арадагы жер талаш окуялары катталууда.

Өкмөт үйүнүн алдында 15-16-февралда чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүүнү талап кылган нааразылык акциялары өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты