Кыргызстанда акыркы 10 жылда соттолгон 285 адамга кечирим берилген. Анын 94 пайызын 2020-жылы бошотулгандар түзөт
- 3 года мурун
- Баяндар
.
Ырайым кылуу — бул соттолгон адамды жазадан толук же жарым-жартылай
бошотуу же сот дайындаган жазаны кыйла жеңил жазага алмаштыруу. Бул тууралуу КРнын Мунапыс берүү жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 1-беренесинде жазылган.
Ырайым кылуу белгилүү бир жеке адамга карата КРнын Президенти тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ырайым кылуу маселелерин алдын ала кароо үчүн Президент Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияны түзөт. Комиссия өз ишин Президенттин указы менен бекитилген жобого ылайык жүзөгө ашырат.
Комиссиянын жекече жана сандык курамы Президенттин указы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, коомдук бирикмелердин жана улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрүнүн ичинен бекитилет.
Мунапыс — деген эмне?
Мунапыс берүү — кылмыш жасоодо күнөөлүү болгон жекече аныкталбаган адамдар чөйрөсүн жазык жоопкерчилигинен жана жазалоодон толук же жарым-жартылай бошотуу. Болбосо сот тарабынан белгиленген бул адамдарга карата жазаны жеңилирээк жазага алмаштыруу.
Ошондой эле, мунапыс кылмыш жасаган жана жазасын өтөп жаткан адамдарга, ошондой эле жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон, бирок, жоопкерчиликке тартыла элек адамдарга да карата берилиши мүмкүн.
Мунапыс жөнүндөгү мыйзамга ылайык жазаны өтөөдөн бошотулууга тийиш болгон адамдар мунапыс жөнүндөгү мыйзам расмий жарыялангандан кийин үч айдан кечиктирилбестен бошотулушат.
Ал эми Кыргыз Республикасынын «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде 2011-жылдан 2020-жылга чейин 477 адам жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Ошондой эле, 2017-жылдан 2020-жылга чейин жазасын өтөп бүтүп бошотулгандардын саны, соттолгондордун — 15,6 %ды түзгөн.
Буга чейин Жапаров түрмөдө адилетсиз отургандарга ырайым берүүгө даяр экендигин билдирген. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кадрларынын айынан бейкүнөө адамдар колонияларда отурушат.
«230 адамга кечирим берилди. Мен муну аз деп эсептейм. Себеби, мен отурган түрмөдө 500дөй адам майда кылмыш жасап, же күнөөсү жок отургандар. Биз мындан ары дагы адилетсиз, мыйзамсыз отурган адамдарды да чыгарабыз» — деп билдирген Садыр Жапаров.
Эске салсак, Садыр Жапаров президенттин милдетин октябрдагы бийлик алмашуудан кийин бир ай, 15-октябрдан 15-ноябрга чейин аткарган.
Бондареванын айтымында, каалаган соттолгон адам, ал соттолгон берененин оордугуна карабастан, кечирим сурай алат.
«Кечирүүдө анын кайсы берене менен соттолгонуна карабастан, ар бир адамдын инсандыгы эске алынат. Критерийлер болуп мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм, колониянын администрациясы тарабынан соттолгон адамдын мүнөздөмөлөрү саналат. Кечирүү, бул — президентттин конституциялык укугу, ал ар кандай адамга — киши өлтүргүчкө дагы, ууруга дагы кечирим бере алат«, — дейт Светлана Бондарева.
Эксперт кошумчалагандай, 2020-жылы күзүндө Садыр Жапаров соттолгондорго кечирим берүү ниетин билдиргенден кийин комиссияга көптөгөн өтүнүчтөр келип түшкөн.
«Материалдар каралып, талкууланып добуш берүү жүргүзүлөт. Андан кийин президентке кечирим берүү жөнүндө сунуш киргизүү же өтүнүчтү четке кагуу чечими кабыл алынат. Айрым учурларда жок документтерди сурасак болот. Ырайым кылууга кечигүү мүмкүн эмес. Анткени президент иштеп турганда, каалаган убагында кечирүү жөнүндө жарлыктарды чыгара алат», — дейт эксперт.
«Реформа» партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова белгилегендей, кыска аралыкта кечирим берүүнүн мыйзамдуу жолу жок.
«230 адамды тез эле бошотуп жиберишти. Мыйзамда жазылган процедура боюнча мындай болуу мүмкүн эмес эле. Эң аз дегенде эле жарым жыл күтүшчү. Себеби, ал жерде өзүнүн этаптары каралган. Мисалы, президентке караштуу кечирим комиссиясы жалаң коомчулук өкүлдөрүнөн турат. Демек, коомчулук кимге кечирим берилгенин билүүгө укуктуу«, — дейт Сооронкулова.
Сооронкулова маалыматтын ачык эместиги, мунапыс алгандардын арасында адам өлтүргөн сыяктуу оор кылмыш жасагандар болушу ыктымал деген күмөн саноолордо жаратып жатканын белгилейт.
«2012-жылга чейин президенттин ырайым кылуу жарлыгынын негизинде бошотулгандардын аты-жөнү ачык жарыяланчу. 2012-жылдан тарта эмнегедир ачык жарыялабай, сыр кылып коюшту«.
Ошондой эле, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу адам мамлекеттик маанилүү чечимдерди, дайындоолорду кабыл албасын деген чечим жок экендигин айтат.
«Бирок, маңызы боюнча андай болбошу керек. Себеби, ал убактылуу адамда. Мисалы, мамлекетке кандайдыр бир зыян келтирип койсо кантип жооп берет. Ошон үчүн — бул убактылуу кызматтык абалынан пайдалануу деп эсептелет. Жалпы эле укуктук түшүнүк боюнча, дүйнө жүзүндөгү тажрыйба боюнча убактылуу кызматта отурган адам чечкиндүү кадамдарга барбайт«.
Эске салсак, жакында эле президенттин «Ырайым кылуу жөнүндөгү» жарлыгынын негизинде бошотулган эркектер Бишкек шаарындагы батирлердин бирин тоноп кетишкигин маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Кылмыш баш калаадагы элиталык турак жай комплексинде болуп, кол салгандар кармалган. Кийинчерээк алар кесипкөй уурулар экендиги маалым болуп, экөө буга чейин соттолуп, президенттин ырайым кылуу жарлыгынын негизинде бошотулгандар экендиги белгилүү болгон.
Профессор, юридикалык илимдеринин доктору, КРнын Кылмыш-жаза кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун төрагасы Лейла Сыдыкованын айтымында, президентке ырайым кылуу арызын көбүнэсе узак мөөнөткө соттолгондор, өмүр бою эркинен ажыратылгандар жазышат.
«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгондор берилген мөөнөттүн 50 пайызын отуруп бүткөндөн кийин, президентке кечирим сурап арыз жаза алышат. Ал арызды атайын түзүлгөн комиссия карап чыгып, акыркы чечимди президент кабыл алат. Ал анын субьективдүү чечими«.
Сыдыкованын айтымында, президенттин ырайым кылуу жарлыгынын негизинде бошотулгандан кийин, алар кайрадан кылмыш кылышса, анда бул жерде сапатсыз кечирим берилген деп айтсак болот.
«Кечирим берүү жолу менен бошотулгандар кайрадан кылмыш кылса, мунапыс сапатсыз болгон деп эсептесек болот«, — дейт юрист.
Укук коргоочу Рита Карасартова, бул көрсөткүч абдан чоң экендигин, баары ачык-айкын болушу керектигин айтат.
«230 адам өтө эле көп. Жалпысынан караганда президенттин «Ырайым кылуу жөнүндөгү» жарлыгы бизге керек. Бирок, баары ачык-айкын болушу керек. Мисалы, 230 адам жашыруун, алардын кимдер экендиги эч кимге айтылбай чыгарылды. Бул шайлоонун алдында популисттик иш болуп калды. Антпей, баары ачык көрсөтүлүп, айтылса жакшы эле болмок«, — дейт укук коргоочу.
Ошондой эле, Карасартова Президенттин ырайым кылуу жарлыгынын негизинде абактан чыккандар жакында эле кайра үйдү тоноп каймалышканын билдирди.
Редактор: Дилбар Алимова