Максат Кунакунов: Конституция долбоору көп катасы менен чыкты. Экспертиза кылбаса болбойт (ВИДЕО)

«ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов Конституция долбооруна сереп салат.

— Президенттин бийлиги эбегейсиз болуп калган. Конституцияда бийлик бутактарында тең салмактуулук болуш керек. Азыркы конституциялык кеңешме чыгарган вариантында бийлик бутактары деген жок, Жогорку сот жок, Жогорку Кеңештин укугу деле жок. Президенттин жарлыктары расмий түрдө болуп жатса, анда Жогорку Кеңештин эмне кереги бар?

Президенттик мамлекет десе эле, мыйзам чыгаруу, сот бийлигинин баарын Президентке берип койгон туура эмес. Келишимди тууралаш керек, шашпаш керек. Биринчиден, экспертизалардан өтүш керек. Жок дегенде аткаруу бийлигинин экспертизасынан өткөрүш керек.

Аткаруу бийлигинин экспертизасынан өткөрбөй, конституциялык кеңешмедеги 90 киши Жогорку Кеңешке берип коюп жатпайбы. Жогорку Кеңеш калтырап — коркуп отурат.»Болду кеттик» деп эле, биринчи, экинчи окууда талкуулабай эле кетиргени турат.

Эртең биз кандай мамлекетти көрөбүз? Ошол жагын ойлонуш керек. Бул баары бир төңкөрүшкө алып келет.

Мына, 30 жылда Конституция 9 жолу алмашты, ошондой эле каталарды кетирди. Биз эмнени көрдүк? Жалаң төңкөрүштөрдү көрдүк. 11 жылдан бери экономикабыз бирдей, 2 млрд болчу, азыр деле ушундай. Мыйзамдуулукту алып келишибиз керек.

11-апрелде Конституция долбоору боюнча референдумду өткөрүүгө мүмкүнчүлүк да жок. Мыйзам боюнча аткаруу бийлигинин экспертизасынан өтүш керек, алар кеминде бир ай караш керек. Конституциялык палатадан өтүш керек. Конституциянын 114-беренесинде жазылып турат, Конституция долбоорунун ар бир окуусунун ортосунда эки айдан талкуу жүрүш керек, жок дегенде алты ай талкууланышы керек, бул Баш мыйзам, жөнөкөй мыйзам эмес. Бул — ар бирибиздин жашай турган эртеңки күнүбүз. Токсон киши жазып эле, таңуулап жатат. Аягына чейин Конституция долбоорун жашырып жатышты.

Ушундай мамилени кылмыш деп эсептейм. Башкы мыйзамды кылмыштуу жол менен жазуу мыйзамдуулукка алып келбейт, — дейт Максат Кунакунов.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты