​Депутаттар cунуш кылган инвестицияны өнүктүрүү демилгеси Максим Бакиевге таандыкпы? (Фактчекинг)

Фактчекинг

26-январь күнү, Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Гаипкулов жана Нурбек Сыдыгалиев тарабынан "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөгү" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, коомдук талкууга коюлган. Аталган долбоордун 14-жана 21-беренелеринде өлкөнүн инвестиция тармагы координацияланып, ал президенттин башкаруусунда болуусу керектиги тууралуу жазылган.

Колдонулуп жаткан редакция

Сунушталып жаткан редакция

14-статья. Инвесторлорду колдоону жана коргоону, инвестицияларды илгерилетүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Кыргыз Республикасында инвесторлорду мамлекеттик колдоо жана коргоо, инвестицияларды илгерилетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Жобого ылайык төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарат:

- мамлекеттик органдар менен инвесторлордун ортосунда байланышты камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасында инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана шарттар жөнүндө маалыматты даярдайт жана таратат;

- конкреттүү иш-аракеттерге карата юридикалык, экономикалык жана башка маселелер боюнча потенциалдуу инвесторлорго кењешин берет; ж.б

14-статья. Инвесторлорду колдоону жана коргоону, инвестицияларды илгерилетүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Кыргыз Республикасында инвесторлорду мамлекеттик колдоо жана коргоо, инвестицияларды илгерилетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президенти бекитүүчү Жобого ылайык төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарат:

- мамлекеттик органдар менен инвесторлордун ортосунда байланышты камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасында инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана шарттар жөнүндө маалыматты даярдайт жана таратат;

- конкреттүү иш-аракеттерге карата юридикалык, экономикалык жана башка маселелер боюнча потенциалдуу инвесторлорго кењешин берет;ж.б


21-1-статья. Инвестициялык конкурстук тандоо

1. Инвестициялык конкурстук тандоо - ал аркылуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жеңүүчү аныкталуучу процесс.

2. Инвестициялык конкурстук тандоону жүргүзүү усулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

21-1-статья. Инвестициялык конкурстук тандоо

1. Инвестициялык конкурстук тандоо - ал аркылуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жеңүүчү аныкталуучу процесс.

2. Инвестициялык конкурстук тандоону жүргүзүү усулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

Депутаттар бул долбоорду сунуштап жатып, мурда Өкмөткө караштуу болгон “Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги" күтүлгөн натыйжаларды берген жок деп белгилешкен.

Аталган долбоор, социалдык тармактарда жана медиаларда талкууга алынып, көпчүлүгү бул инветициялык компанияны 2009-жылы Максим Бакиев тарабынан сунушталган “ЦАРИИ” долбоорунун аналогу деп баалашкан.

ПолитКлиника медиасы ЦАРИИ долбоору менен азыр сунушталып жаткан инвестициялык программанын ортосунда кандай окшоштуктар бар экенин изилдеп көрдү.

ЦАРИИ долбоору

2009-жылы, Кыргыз Республикасынын экинчи Президенти Курманбек Бакиев президенттик аппаратты реформалап, анын ичине бир нече жаңы түзүмдөрдү жана ведомстволорду киргизген. Аталган долбоордун ичине Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, Инвестициялар жана Инновациялар боюнча Борбордук Агенттик (ЦАРИИ) түзүлүп, аны Президенттин кичүү уулу Максим Бакиев башкарган. Департаменттин максаты, экономиканы түзүмдөштүрүү стратегиясын түзүү, бизнести жана ишкердүүлүктү колдоо, аймактардын мүмкүнчүлүктөрүнө жана ресурстарды көбөйтүү болгон.

Ошондой эле ЦАРИИ бюджетти координациялоону, улуттук инфраструктуралык долбоорлорду, инвестициялык программаларды жана ишкердик чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек экендиги белгиленген.

2009-жылы ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиев, аталган долбоордун алкагында Кыргызстандын экономика үчүн маанилүү төрт долбоор ишке ашырылаарын билдирген.

Ага ылайык:

  1. Ипотекалык компанияларды түзүү. Тактап айтканда, Ош жана Бишкек шаарларында 150 миң чарчы метрге чейин турак жай салуу жана аны жарандарга 10-15 жылдык мөөнөткө ипотека берүү;
  1. Ал эми экинчи долбоордо мамлекеттик микрокредиттик компанияларды түзүү жана айыл-чарба багытына кам көрүү, дыйкандарга жеңилдиктерди берүү;
  1. Мамлекеттик лизинг компаниясын куруу. Башкача айтканда, ишкерлерге жабдууларды "жетишээрлик узак мөөнөткө" ижарага берүү менен ишкерлерди колдоо;
  1. Кыргызстанда бирдиктүү агроазыктүлүк корпорациясынын кошумча капиталдаштыруу; Башкача айтканда, дыйкандар менен кардарлардын ортосунда түздөн-түз келишимдерди түзүүгө шарт түзүү болгон.

Аталган төрт долбоордун ичинен, лизинг компаниясын курууну 2020-жылдын 20-ноябрында, ошол учурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков да сунуштаган. Ал, 2020-жылдын аягына чейин,Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун жардамы жана “Айылбанк” ААК менен мамлекеттик лизиг компаниясын куруу керектигин айткан. Артем Новиковдун бул сунушу да талкууга алынган. Эскерте кетсек, Артем Новиков 2009-2010-жылдары ЦАРИИнин адам ресурстарын башкаруу кызматынын эксперти болгон.

Жогорудагы Максим Бакиев сунуш кылган, программалар боюнча 2009-жылы бир катар эксперттер бул долбоор күмөндүү жана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөй турганын айтышкан. Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы, Мирослав Ниязов бул саясат Кыргызстандагы абалды такыр түшүнбөгөн адамдар тарабанан, өлкөнү өзүнүн компаниясына айлантуу максатында жүргүзүлүп жаткан жана мамлекеттик эмес ыкма деп атаган.

Жаңы долбоор

Депутаттар Нурбек Сыдыгалиев жана Искендер Гаипкулов тарабынан сунушталып жаткан долбоордо, Кыргыз Республикасынын Инвестиция багыты кайсы тармакта иш алып бараары жана кайсы булактан каржыланаары тууралуу маалыматтар так көрсөтүлгөн эмес.



































Депутаттар, сунушталып жаткан агенттик көп жагынан “Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигин” алмаштыра турганын белгилешип, бирок бул агенттик кандай аталаары тууралуу да түшүндүрмө беришкен эмес.

Ал эми, Кыргызстандын Инвестиция потенциалын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Илимбек Абдиев 9-февральда Инвестицияларды илгерилетүү боюнча Агенттиктин жаңы түзүмү ЦАРИИ болуп калбайт, - деп билдирген. Анын айтымына ылайык, ЦАРИИде киреше табуу максаты жана иштөө принциптери башка болгондуктан, жаңы түзүлүп жаткан Инвестициялык агенттик алардан айырмалуу иш алып бараарын билдирген.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Кыргызстанга кирген инвестициянын өлчөмү, мурдагы жылдарга салыштырмалуу дээрлик 3 эсеге азайган.














(2020-жылдын маалыматы, январь айынан сентябрь айына чейинки 9 ай убакыттагы маалыматты камтыйт.)

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында түздөн-түз чет элдик инвестициялардын агымы 2019-жылдын 9 салыштырмалуу 30,9% га азайып, 398,4 млн долларды түзгөн.

Эксперттер, мындай тенденциянын болушу, коронавирус пандемиясынан жана өлкөдөгү саясий дестабилизациянын натыйжасынан улам болгон деп баалашкан.

“Президенттин алдында өзүнчө инвестициялык агентство ачуунун кажети жок”

Экономист жана эксперт Эльдар Абакиров "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөгү" мыйзамын өзгөртүү жана, инвестиция тармагын толугу менен президенттин көзөмөлүнө өткөрүп берүү менен маселе чечилбей турганына токтолду:

“Президенттин алдында атайын инвестиция агентствосун ачуунун кажети жок. Өкмөттүн алдындагы “Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин” статусун көтөрүп, функцияларын күчөтүп койгондо деле ошол эле ишти жасайт. Мындан сырткары, аны ачуу жана иштетүү үчүн да көп каражат талап кылынат. Ошондуктан болушунча көп чыгаша алып келбей тургандай кылып, эски агентствонун ишин көзөмөлгө алуу керек. Мындан сырткары, ал системанын жакшы иштебей жатса, ал бир адамдын көзөмөлү менен эле оңолуп кетет дегенден алыс болуш керек. Башкача айтканда, агентствонун бардык структурасы жакшы иштесе эле иш алдыга жылат жана аны ким көзөмөлдөп жатканы азыраак эле мааниге ээ болуп калат”-деп билдирди экономист Эльдар Абакиров.