​1 млн. 200 миң адам начар тамактанат. Фактчекинг

Фактчекинг

Кыргызстанда пандемиянын терс таасирлери саламаттык сактоо, тамак-аш коопсуздугу жана тамактануунун көйгөйлөрүнүн жайылгандыгынан келип чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу элүү эки коммерциялык эмес уюмдарды бириктирген “SUN Кыргызстан” жарандык альянсы билдирүүдө.

Жарандык альянстын билдирүүсүндө жарандардын тамактануудагы көйгөйлөрү белоктордун жана майлардын жетишсиздигинен улам чыгат. Белоктордун жана майлардын жетишсиздиги өлкөнүн жакыр катмарында кескин кездешет. Тагыраак айтканда, бул катмардын рационунда белоктор менен майлардын жетишсиздиги 35%ы түзөт.

1-17 жаш арасындагы жашы жете электердин тамактануусу да тамактын энергетикалык баалуугу, белоктордун жана майлардын аздыгы менен коштолот. Алардын арасынан 1-3 жаш арасындагы балдардын тамактануусу энергетикалык баалуулуктар, май жана белоктордун бир суткалык нормасына жетпегени белгиленет.

Мындан сырткары, өлкөнүн жарандарынын 75%ы жашылча-жемиштердин сунушталган нормасына беш эсе жетпеген өлчөмдө керектешет.

SUN Кыргызстан жарандык альянсы бул маалыматтарды Улуттук статистикалык комиссиянын бюллетенинин негизинде жарыялаган. Жарандык альянс белгилегендей, тамак-аштын жеткиликтүүлүгү жарандардын пандемия учурунда жана пандемиядан кийинки жашоо шартына түздөн-түз таасирин тийгизет. Начар тамактануу пандемия учурунда өлүмдөргө түзмө-түз же кыйыр тиешеси бар деп эсептешет жарандык альянста.

Кедейчилик менен начар тамактангандардын саны бир

Кыргыз Республикасында 2019-жылы кедейчиликтин деңгээли 20,1%ы же болбосо 1 млн. 313 миң адамды түзгөн. Жакырчылыкта жашаган жаран үчүн айына 2 миң 748 сом, өтө жакыр жашаган адамга бир миң 475 сом керектелери маалымдалат. Эске сала кетсек, өлкө боюнча айына керектелүүчү минималдуу сумма 5 миң 652 сомду түзгөн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамдын бир сутка ичинде керектөөчү заттардын санын сунуштаган. Ал сунуштама ылайык, адам бир суткада керектүү заттардын төмөнкүдөй көлөмүн пайдаланышы керек:

  • Белоктор - 58-117 г/сутка
  • Майлар - 60-154 г/сутка

Мындан сырткары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дан улам келген пандемия учурунда туура тамактанууну жана рационду карманууну сунуш кылган. Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, туура тамактануу коронавирус инфекциясын жеңүүдө жана иммунитетти күчтөндүрүүдө чоң роль ойнойт.

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ДССУ сунуштаган нормалар биздин өлкөдө сакталбайт. Тагыраак айтканда, белоктун дефицити 37-39 пайыздын тегерегинде, майлардын жетишсиздиги 33-40 пайыздын тегерегинде жана тамактын кубаттуулугунун жетишсиздиги 18-19 пайызды түзөт. Бул көрсөткүчтөр дүйнөлүк стандарттардын минималдуу көрсөткүчтөрү болуп саналат.

Демек, жакырчылыкта жашагандар менен начар тамактангандардын саны бирдей экенин көрсө болот.

Азык-түлүктүн кымбатташы да бир себеп

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы,2019- жылга салыштырмалуу, тамак-аш продукциясына баалардын өсүшү өлкө боюнча байкалган жана 5,2%га жогорулаган.

Мисалы керектөөчү корзинада көрсөтүлгөн азык-түлүктүн деерлик бардыгынын баасы жогорулаган. Мисалы, ун жана ундан жасалган азыктар өлкө боюнча 5,4 пайызга, айрым аймактарда 8,7 пайызга жогорулаган; эт өлкө боюнча 3,9 пайызга жогоруласа, Талас облусунда 12,8 пайызга жогорулаган. Мындай көрүнүш жумуртка, май, кумшекер, жашылча-жемиштерде да байкалат.

Буга чейин Кыргыз Өкмөтү калк үчүн негизги тамак-аш азыктарынын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдери жөнүндө токтом бекиткен. Ал токтомдо адам бир айда/жылда керектөөчү азыктар жана алардын көлөмдөрү көрсөтүлгөн.

Улуттук статистика комитети буга чейин бир айлык жашоо минимумун 5562 сом өлчөмүндө көрсөткөн. Буга чейин “ПолитКлиника” бул суммага кандай азык-түлүктөрдү алууга болорун санап көргөн. Макаланы төмөнкү шилтеме аркылуу окуй аласыз:

“5600 сомго жашаса болот. Бирок 1кг картошка, 1 кг макарон менен”


Начар тамактанууну мыйзам менен чечүүнү сунушташууда

“SUN Кыргызстан” жарандык альянсы начар тамактанууну, тойбой калууну мыйзамдар аркылуу чечүүнү сунушташууда.

Азыркы тамактануу жөнүндө мыйзамдарында “Тамактанууга укук” деген түшүнүк жок”, - деп билдиришүүдө жарандык альянстын өкүлдөрү.

Мунун негизинде бул альянс тамак-аш коопсуздугу, тамактануу жөнүндөгү мыйзамдарды жакшыртууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйынтык: Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын калкынын бештин бир бөлүгү вируска туруштуу бере ала турган ден соолук үчүн тамактын минималдуу көлөмүнө жетүүгө мүмунчүлүгү жок. Анын негизинде COVID-19 пандемиясы жана анын кесепеттерине каршы турууда жарандар тобокелдикте.