​Жергиликтүү шайлоолордо аял талапкерлерди колдоого чакырык

  • 3 года мурун

Парламентте өткөн жума күнү “Азыркы социалдык-экономикалык жүрүмдөр: көйгөйлөр, тенденциялар, келечек” темасы алдындагы аялдар форуму алдыдагы келаткан жергиликтүү шайлоолордо аял талапкерлерди колдоого чакырды.

Аталган форум кабыл алган чечимде мындай деп жазылган:

-Биз аялдардын бардык деңгээлдерде чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышуусу теңдик, туруктуу өнүгүү, тынчтык жана демократия үчүн башкы мааниге ээ экендигине терең ишенебиз. Бул аялдардын социалдык жактан багытталган туруктуу өнүгүүгө, үй-бүлө институтун чыңдоого, адам укуктарын, үй-бүлөнү, эне менен баланы коргоого, сапаттуу медициналык жана социалдык жардам менен камсыздоого, айлана чөйрөнү коргоого, экологиялык коопсуздукту камсыздого катышуусунун зарылдыгын тастыктап турат.

Биз Кыргызстандын элин алдыдагы жергиликтүү шайлоолордо аял-талапкерлерди колдоого чакырабыз.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-апрелде өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты