​Өзбекстан эки жыл ичинде латын арибине өтөт

  • 3 года мурун

2023-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстандагы бардык мекемелерде иш кагаздары латын арибинде жүргүзүлө баштайт. Өкмөттүн тиешелүү токтому 10-февралда кабыл алынды.

Документте өзбек тилин толук латын арибине өткөрүү тууралуу нормативдик-укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу жана өзбек тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясын түзүү каралган.
Токтомго ылайык, «Өзбек тилинин орфографиялык эрежелери тууралуу» өкмөттүн токтому латын арибиндеги өзбек алфавитинин жаңы редакциясынын негизинде иштелип чыгышы керек.

Өлкөнүн юстиция министрлигинин маалыматына караганда, мындан тышкары акырындык менен латын арибинин негизиндеги өзбек алфавитине өтүү тууралуу «жол картасы» бекитилди. Анда расмий веб-сайттарды, адамдын тек-жайы көрсөтүлгөн документтерди, ID-карталарды, иш кагаздарын, бланктарды, жерлердин, көчөлөрдүн, уюмдардын аталыштарын, жарнамаларды жана жарыяларды толук жаңы түзүлгөн арипке өткөрүү каралган.

Мындан тышкары борбордук жана жергиликтүү маалымат каражаттары, сайттар, басылмалар жана басмаканалар толугу менен латын арибине өтүшү керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты