​«Женго» каймана аттуу Кадыр Досонов камакка алынды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Женго» каймана аты бар Кадыр Досоновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева соттук олтурумдан кийин журналисттерге кабарлады.

УКМК 11-февралда уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча атайын операциясы менен «Женго» каймана аты бар, көзөмөлдөгөн кримтөбөл делген Кадыр Досонов кармалганын билдирген.

Досонов Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келингенин кабарлаган.

Атайын кызмат 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланган.

Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты