Жапаров: Ажылык акчасын пайызга беришип, 700 миң доллардай чыгым тартышкан. 155 млн сомун партияга, шайлоого колдонушкан (ВИДЕО)

Президент Садыр Жапаров КТРКнын кабарчысына маек берип, экс-муфтий Максат ажы Токтомушевдин кармалышынын тегерегинде болуп жаткан окуяларга байланыштуу суроолорго жооп берди.

— 16 миллион доллардан 8 миллионго жакынын (7 млн 700 миң доллар) булар конвертация жасап, сомго айландырат, башка банктарга киреше алуу максатында процентке салышкан экен. Процентке салганда, пайда көргөнгө чейин доллар 15 сомго өсүп кетиптир. Пайда көрмөк түгүл, чыгым тартып калышат. Чыгымы эле 700 миң доллардын тегерегинде болуп жатат.

Андан сырткары былтыркы жылдын август айында 155 миллион сомун бир фирмага бердик деп жасайт дагы, ал фирма шайлоого бир партияга колдонуп салышат.

Бүгүнкү күндө да акчалары кайтарылбай турат. Ажыга бара турган адамдардын жарым-жартылайынын акчасы берилген да, жарымы бериле элек экен. Тиякка-биякка чачырап кеткен акчаларды кайтара албай, бири-бири менен жаңжал ошондон чыгып жатат.

Соцтүйүндөрдөн жана маалыматтардан уктум, мен, Садыр Жапаров же Ташиев атайылап муфтийди каматып, анын орду керек болууда деп жатышат. Төбөбүздө кудай карап турат, мага муфтийдин ордунун кереги жок. Кимисин шайлап алса, анысын шайлап алсын.

Садыр Жапаров ошондой эле мэрди дайындо,.өкмөт жана анын түзүмү, алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолор Конституциянын долбоору жана референдум тууралуу суроолорго да жооп берди.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт жана видео: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты