БШК жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу иш-чараларды бекитти

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чараларынын календардык планын бекитүү чечимин кабыл алды.

Саясий партиялар үчүн шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып 40 календарлык күн калганда аяктайт, б.аа. 2021-жылдын 1-мартына чейин.

Айылдык кеңештердин депутататтыгына талапкерлерди көрсөтүү аайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт же 2021-жылдын 12-мартына чейин

Жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзөт.

Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-апрелде өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты