​Коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу түрдө өтөт. Фактчекинг

Кыргыз Респбликасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөөнү үч этап менен жүргүзөт. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирген.

Министрликтин айтымында, калкты эмдөөдө кызыл зонада иштеген медициналык кызматкерлер жана үй-бүлөлүк кызматкерлерди эмдөөгө артыкчылык берилет. Андан кийин алтымыш жаштан жогору, өнөкөт оорулары бар жана калктын аярлуу катмары эмдөөдөн өтөөрү белгилүү болгон.

Мындан сырткары, министрлик эмдөө ыктярдуу түрдө болоору белгилүү болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, коронашвируска каршы вакцинаны сайдыруу толук ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт:

Вакцинаны алгыла деп эч кимди кыйнабайбыз, бардыгы өз каалоосу менен болот”, — деп билдиришти министрликтин маалымат кызматы.

Мындан сырткары, Иммундук профилактикалык борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова эмдөө ыктыярдуу түрдө өтө турганын ырастады. Анын айтымында эмдөө учурунда милдеттендирүү болбойт:

Коронавируска каршы вакцинацияны он сегиз жаштан жогору адамдарга кылабыз, анткени COVAX системасы менен келе турган вакцинанын маркировкасы ушундай. Эмдөө жүргүзүүдө эч кимди вакцина алууга мажбурлабайбыз, бирок мыйзамдын негизинде иш жүргүзөбүз”, — деди Гүлбара Ишенапысова.

Муну менен бирге, Гүлбара Ишенапысова Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөнүн деталдуу планын иштеп чыгаруунун үстүндө экенин жана аны жакынкы убакта чыгаарын билдирди.

Мыйзамда жарандын укуктары жана милдеттери жазылган

Кыргыз Республикасынын “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” мыйзамы иштейт. Бул мыйзамдын бешинчи беренесине ылайык, эмделбеген адамдар, Кыргыз Республикасы катышкан келишимдерге ылайык, өлкөдөн чыгуусу; массалык оорулар жугуу коркунучу болсо мамлекеттик мекемелерге кабыл алуу; жарандарды жумушка кабыл алуу укуктары чектелиши мүмкүн.

Ошондой эле, бул мыйзамдын бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилике алып келет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мажбурлообого чакырат

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөлөрдү эмдөөнү милдеттү түрдө кылбоого чакырат. Уюмдун жетекчиси доктор Тедрос Адханом Гебрейесус эмдөө учурунда жарандарды мажбурлоодон алыс болуу керектигини билдирген:

Албетте, жарандарды эмдөөгө мажбурлаган кандайдыр-бир жагдайлар болушу мүмкүн. Бирок, бул жагдайлардан качууга чакырам”, — деп билдирген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы.

Башка мамлекеттер кандай эмдөө жүргүзүүдө?

Орусия Федерациясы өзүнүн аймагында эмдөөнү ыктыярдуу түрдө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында айтылат. Ал маалыматка ылайык, коронавируска каршы вакцинаны он сегиз жаштан жогору бардык жарандар ала алат. Бирок, бир гана вакцина, тагыраак Орусиялык “Спутник-V” вакцинасы сунушталган. Ошондой эле, эмдөөдөн өткөн жарандарга тийиштүү бейджиктер берилери маалымдалат.

Жакынкы коңшубуз Казакстан Республикасы 1-февралдан тарта өз жарандарын эмдөөнү баштаган. Бул тууралуу “Азаттыктын” бул өлкөдөгү бюросу кабарлайт. Бул маалыматка ылайык, Казакстан орусиялык “Спутник-V” вакцинасы менен жарым жыл ичинде эки миллион жаранды эмдөөнү пландаштырууда. Бул өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, эмдөө ыктыярдуу түрдө жүрөт.

АКШ эмдөөдө эки вакцинаны колдонууда. Алар Pfizer жана Moderna вакцианалары саналат. Бул эки вакцинаны АКШнын Саламаттыкты сактоо департаменти жактырган. АКШда эмдөө ыктыярдуу түрдө өтүп жатат, бирок приоритеттүү катмар катары социалдык багыттарда иштеген жарандар көрсөтүлгөн.

Германияда да эмдөө ыктыярдуу түрдө өтүп жатат. Бул тууралуу маалымат Германиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында жайгашкан. Ал маалыматка ылайык, Германия бир канча вакцинаны колдонуп жатат. Алардын ичине Pfizer, Moderna, CureVac, AstraZeneca, Johnson&Johnson вакциналары кирет. Ошондой эле, Германия өкмөтү Pfizer вакцинасын өз аймагында өндүрүү жөнүндө сүйлөшүп жатканы белгилүү. Учурда эмдөөдөн Германиянын 2 млн. 713 миң жараны өткөнү көрсөтүлгөн.

Эске сала кетсек, Кыргызстанга COVAX программасы аркылуу ДССУ AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасын сунуштаган. Буга чейин Кыргызстан Pfizer вакцинасынан каражат жок болгондугунан баш тартканы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты