Райымбек Матраимовдун сотунда судья журналисттерди чыгарып, залды кулпулап алган

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 9-февралда, мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу кылмыш ишин карады.

Судья Гүлзат Дыйканбаева ЖМК өкүлдөрүн сот залынан чыгып турууну өтүнгөн. Анын себебин судья сот өтүүчү зал кичине болгону менен түшүндүрүп, чоңураак зал караштыруу жагын айткан. Бирок андан 2- мүнөт өтпөй,залды ичинен бекитип алышкан.

Андан кийин сот улантылган. Отурумдан чыкканда Райымбек Матраимов жана башкалар журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес.

Кийинки соттук отурум 18-февралга белгиленген.

2020-жылдын октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бажыдагы коррупция боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштаган.

УКМК 2020-жылдын 17-октябрында бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомду кайтарып бергенин, анын 1,4 млрд сомун акчалай жана 600 млн сомун мүлк түрүндө, 9 квартира жана соода борборун кайтарганын, ал эми андагы 8 квартираны УКМК кызматкерлерине берүү пландалып жатканын айткан. Бул коомчлуктун сын-пикирине кабылып, алынган квартираны УКМКга калтырууга каршы экендиктерин социалдык тармактарда жазып чыгышты.

Бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Андан кийин OCCRP, Kloop, Bellingcat жана “Азаттык” радиосунун биргелешкен бир нече иликтөөсү.жарык көрүп, анда Матраимовдун байлыгынын, кылмыштуу топ менен байланышынын бети ачылган.

АКШ каржы министрлиги Райымбек Матраимовго Магнитский Глобалдык мыйзамынын негизинде санкциялар киргизерин жарыялаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кошуп, анын жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитскийдин тизмесине» киргизди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты