​Усубалиевдин раритет автоунаасы тарых музейине тапшырылды

  • 3 года мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 9-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин раритет автоунаасын мамлекеттик тарых музейине тапшырды.

Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы бул унааны жеке адамдан — Нарын облусунун тургунунан белек катары алган. Турдакун Усубалиевдин тарыхый жактан мааниси баалуу бул кызматтык автоунаасын нарындык жаран көп жылдар бою сактап келген.

Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Турдакун Усубалиевдин жаркын элесин урматтоо менен анын автоунаасын мамлекеттик тарых музейинин балансына өткөрүп берди.

“ГАЗ-69” маркасындагы автомобиль Турдакун Усубалиевдин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп тургандагы кызматтык автоунаасы болуп саналат. Кийин бул автомобиль республиканын райондорунун бирине пайдаланууга берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты