​Финпол экс-жетекчиси Бакир Таиров мамлекетке 20 млн сом чыгымды төлөдү

  • 3 года мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) экс-жетекчиси Бакир Таиров келтирилген 20 млн сом зыянды төлөдү. Жакын арада ал убактылуу камак жайынан чыгарылат.

Бул тууралуу ЖМК өздүк булактарына таянып билдирди.

Бакир Таиров мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалган. Таиров иштеп жаткан учурда мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири суммада акча каражатын алганын аныктаган. Таиров ири сумманы берүүгө мекеме жетекчисин 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунун алдында партиялардын бирин каржылоо деген шылтоо менен мажбурлаганы белгиленген.

Бакир Таиров Финансы полициясында 2018-жылдын 29-апрелинен 2020-жылдын октябрдын ортосуна чейин иштеген.

Буга чейин финполдун жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев мамлекетке келтирилген 20 млн сом чыгымды төлөп, УКМК убактылуу камак жайынан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты