Россияга туруктуу аба каттамдары көбөйөт

  • 3 года мурун

9-февралдан тартып Россияга түз учкан туруктуу каттамдар көбөйөт. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түз учкан туруктуу каттамдар жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүү чечими Россия өкмөтү тарабынан кабыл алынды.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын жарандары Бишкектен Москвага төмөндөгү авиакомпаниялар аркылуу учуп кете алышат:

1. «Авиа Траффик Компани» — шаршемби, жума жана жекшемби.

2. «Аэрофлот — Россия аба жолдору» — шейшемби, жума и жекшемби.

Россия талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары коронавируска карата терс ПЧР (ПЦР) анализин алышы керек, Россияга келгенге чейин 3 күндөн (72 саат) эрте эмес.

Мындан тышкары, «Аэрофлот», “S7” жана «Урал аба жолдору” авиакомпаниялары Россиянын жарандары, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн тактап айтканда ата-энелери, балдары, жубайы Россия жараны болсо, жашап турууга уруксаты бар жарандар, дарыланууга муктаж адамдар, Россиянын медициналык мекемесинен чакыруусу бар адамдар, мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары үчүн чартердик каттамдар аткарылууда.

‼️Учууга негиздердин бар экендигин авиакомпаниянын өкүлдөрү билет сатып алып жатканда жана учакка отургузууда текшерүүдөн өткөрүшөт, “Манас” эл аралык аэропортунун ”кызматкерлери текшербейт.

Учактын бортуна жүргүнчүлөрдү кабыл алуу боюнча бардык чечимдерди аэропорттун кызматкерлери эмес, авиакомпаниялардын өкүлдөрү кабыл алышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты